Москвада кызды зордуктап, андан кийин аны тоноого шектелген Кыргыз жаранынын паспортунун жарактуу мөөнөтү өтүп кеткени аныкталды

Москвада кызды зордуктап, андан кийин аны тоноого шектелип издөөгө алынган Кыргыз жаранынын паспортунун жарактуу мөөнөтү өтүп кеткени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда SUPER.KG'ге Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

"Иликтөө иштеринин алкагында издөө жарыяланган Кыргыз жаранынын паспортунун жарактуу мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталды. Полиция кызматы эми ал адам жардам сурап элчиликке кайрылышы мүмкүн деп тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүдө", - деп билдиришти элчиликтен.

Эске салсак, 24-сентябрь күнү полицияга арыз менен соода борборлорунун биринин сатуучусу кайрылган. Анда ал жумуштан чыгып метро тарапка кетип баратканда аны узатуу сунушу менен ээрчиген адам зордуктап, телефонун жана зер буюмдарын тартып алып, изин жашырып кеткенин айткан. Окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери сыранын идиштерин, жабырлануучунун ич кийимин, Улуу Британиянын жазуучусу Уинстон Черчиллдин чыгармасы жазылган китепти жана кылмышка шектүүнүн капчыгын (ичинде 29 жаштагы Кыргыз жаранына таандык паспорт жана ага тиешелүү документтер болгон) табышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2018-09-28 13:51:02
Черчилл кандай китептерди жазчу эле?
0
Omush94
2018-09-28 23:29:24
Анда кыргыз эмес деп ойлойм ал адам
+1
Birimdik5555
2018-09-30 04:18:19
Москвада документтердин ксерокопиясын эч жерге таштабаш керек болуп калды,таштаса да жыртып майдалап анан ыргытыш керек экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан