6-октярбда Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында жаштар арасындагы Олимпиада оюндары старт алат. Анда Кыргыз өлкөсүнөн 13 спортчу спорттун грек-рим күрөшү, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика, заманбап айкалышкан беш спорт, стритбол жана фехтование түрлөрүнө катышат.
Элмирбек Садыров - грек-рим күрөшү
Элмирбек Садыров - 17 жашта. Кыргыз курама командасынын капитаны. Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун коло медалынын ээси.
Машыктыруучусу - Раатбек Мамбеков.
Султан Жеңишбеков - дзюдо
Султан Жеңишбеков - 17 жашта. Кыргыз өлкөсүндө өткөн Азия биринчилигинде 3-орунду, Ташкентте өткөн Азия кубогунда 5-орунду, Бейрутта өткөн Азия биринчилигинде 5-орунду ээлеген.
Машыктыруучусу - Ислам Баялинов.
Шахида Нармухамедова - дзюдо
Шахида Нармухамедова - 17 жашта. 2017-жылы өткөн "Хан Манас кубогунда" 1-орунду, 2018-жылы өткөн Европа чемпиондугунда 5-орунду, 2018-жылы Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 1-орунду камсыздаган.
Машыктыруучусу - Ислам Баялинов.
Денис Петрашов - сууда сүзүү
Денис Петрашов - 18 жашта. 2018-жылы Женевада өткөн эл аралык мелдеште 2 алтын медаль, 2018-жылы Люксембургда өткөн эл аралык мелдеште 2 алтын медаль, ушул эле жылы Братиславада өткөн эл аралык мелдеште 2 күмүш медаль, Парижде өткөн эл аралык мелдеште 2 коло медаль тагынса, Жайкы Азия оюндарында 5-орунду ээлеген.
Машыктыруучусу - Евгений Петрашов.
Владислав Шулико - сууда сүзүү
Владислав Шулико - 18 жашта. Кыргыз өлкөсүнүн бир нече жолку чемпиону. Ал 2017-жылы өткөн Азия чемпиондугунда 2-орунду, 2017-жылы Дубайда өткөн эл аралык мелдеште 2-орунду, 2018-жылы Орусияда өткөн эл аралык мелдеште 1-орунду ээлеген.
Машыктыруучусу - Евгений Петрашов.
Екатерина Тарева - заманбап айкалышкан беш спорт
Екатерина Тарева - 18 жашта. 2018-жылы Тбилисиде өткөн Европа кубогунда 2-орунду, 2018-жылы Таиландда өткөн Азия чемпиондугунда 2-орунду, 2018-жылы Барселонада өткөн эл аралык мелдеште 7-орунду камсыздаган.
Машыктыруучусу - Александр Тарев.
Айдар Кенжебаев - заманбап айкалышкан беш спорт
Айдар Кенжебаев - 18 жашта. 2016-жылы өткө Азия чемпиондугунда 5-орунду ээлеген.
Машыктыруучусу - Александр Тарев.
Ева Кадырова - жеңил атлетика
Ева Кадырова - 16 жашта. 2017-жылы өткөн Өзбекстан кубогунда 3-орунду, 2018-жылы өткөн Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугунда 1-орунду, ушул эле жылы жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 4-орунду камсыздаган.
Машыктыруучусу Александр Тарев.
Стритбол боюнча Кыргыз курама командасы
Сыймык Эсеналиев - 18 жашта
Нурсултан Лугмазов - 17 жашта
Нурбек Айданбек уулу - 17 жашта
Деннис Герашенко - 17 жашта
2018-жылы өткөн Азия чемпиондугунда 6-орунда жайгашкан.
Машыктыруучусу Бахтияр Кадыров.
Хасан Баудунов - фехтование
Хасан Баудунов - 17 жашта. 2017-жылы өткөн Азия чемпиондугунда 2-орунду, 2018-жылы өткөн Азия чемпиондугунда 1-орунду камсыздаган.
Машыктыруучусу - Осмонжан Касымов.