Бишкектеги унаа токтотуучу жайдын кызматкерин сабаган айдоочунун баш коргоо чарасы бүгүн каралат

Бишкекте унаа токтотуучу жайдын улгайган кызматкерин ур-токмокко алган айдоочунун баш коргоо чарасы бүгүн, 28-сентябрда каралат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Унаа токтотуучу жайдын кызматкерин ур-токмокко алган жаранга жазылган арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. 26-сентябрда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн Свердлов райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралат", - деп билдиришти шаардык милициядан.

Эске салсак, 25-сентябрда интернетке Бишкектеги унаа токтотуучу жайдын жумушчусун айдоочунун уруп, тепкен видеосу тараган. Интернет колдонуучулар улгайган кишини ур-токмокко алган айдоочуну жоопко тартууну талап кылышкан.

Улгайган кызматкерди ур-токмокко алган жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан