Өлкөбүздө алгачкы жолу өткөн кум жээкте ойнолуучу футбол боюнча Өлкө кубогун Жети-Өгүз командасы утуп алды
Ысык-Көл облусунун Боз-Бешик айылында өтүп жаткан кум жээкте ойнолуучу футбол боюнча Өлкө кубогун Жети-Өгүз командасы утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы маалымдады.
Өлкө кубогунун алкагында 7 команда байгелүү орундар үчүн күч сынашып, 2 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында жарым финалга "А" тайпасынан Жети-Өгүз менен Бишкек курама командалары чыкса, "В" тайпасынан Жалал-Абад менен Чүй командалары чыгышкан.
Жарым финалда Жети-Өгүз командасы Жалал-Абад менен кез келип, 5:1 эсебинде утуп алганга жетишсе, Бишкек командасы Чүйдү 11:6 эсебинде жеңген.
Финалда Жети-Өгүз менен Бишкек командалары кез келишти. Беттештин 1-таймында Бишкек командасы эсеп санын ачса, Жети-Өгүз командасы 5 гол менен жооп берди. 2-таймда командалар дагы 1 голдон киргизип, 3-таймда Жети-Өгүз эсепти 7:2 кылды.
Муну менен Жети-Өгүз командасы өлкөбүздө алгачкы жолу өткөн кум жээкте ойнолуучу футбол боюнча Өлкө кубогун утуп алды.
Ал эми 3-орун үчүн беттеште Чүй командасы Жалал-Абадды 5:4 эсеби менен утуп алды.