Талас облусунун башкы символдорунун бири - "Манас Ордо" комплекси. Алгач бул жай 1991-жылы “Манас күмбөзү” музей-коругу деп аталган. 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесинен кийин “Манас Ордо” мамлекеттик комплекси болуп негизделген. 2001-жылы өкмөттүн токтому менен “Манас Ордо” комплексине “улуттук” деген статус берилген. Комплекстин жалпы аянты – 225 гектар, анын ичинде 7 гектарлык алма бак, 13 гектар жерди ээлеген ат майданы, 6 гектарды ээлеген “Манас ата” гүлзары бар. Комплексте 77 кызматкер иштейт, ал эми "Манас Ордонун" 2012-жылдагы бюджети 3 миллион 705,7 миң сомду түзгөн.