Бүгүн, 28-сентябрда Македониянын Скопье шаарында эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы билдирди.
Кыргыз өлкөсүнөн бүгүн килем үстүнө мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев чыгат. Турганбаев "Е" категориясынын 78 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Алгач ал орусиялык атаандашы Владислав Егоров менен кез келген. Беттештин алгачкы мүнөттөрүндө Егоров 4:2 эсебинде утуп келе жаткан, бирок Тургунбаев атаандашын көтөрүп чаап таза жеңишке жетти.
Жарым финалда Турганбаев франциялык Герард Россо Санторо аттуу балбан менен беттешет.
Айта кетсек, ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан 4 балбан катышууда.