Ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Мелис Турганбаев жарым финалда атаандашынан жеңилип калды

Бүгүн, 28-сентябрда Македониянын Скопье шаарында эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Мелис Турганбаев жарым финалда жеңилип калды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелис Турганбаев алгачкы беттешинде орусиялык атаандашы Владислав Егоровду жеңип, жарым финалга чыккан. Бирок жарым финалдык беттеште франциялык атаандашы Герард Россо Санторого 6:0 эсебинде жеңилип калды.

Эми Турганбаев коло байге үчүн украиналык балбан Сослав Адырхаев менен беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Айта кетсек, Мелис Турганбаев 2016-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло байгенин ээси болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан