Македониянын борбору Скопье шаарында ардагерлер арасында Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Анда Кыргыздын мурунку ички иштер министри Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды. Мелис Турганбаев 78 килограммга чейинки салмак ченинде мелдештерге чыгып жаткан. Чейрек финалда ал орусиялык Владислав Егоровду жеңип алган. Андан кийин франциялык Жерар Рокко Санторого жеңилип, украиналык Сослан Адырхаевди 4:0 эсебинде утуп алды.
Ошондой эле 100 килограммга чейинки салмак ченинде мелдешке чыккан Чынарбек Изабеков 3-орунду ээледи. Ал чейрек финалда болгариялык Стефан Ивановду жеңип, кийин орусиялык Виталий Перфильевге утулуп калган. Андан соң Түштүк Африка Республикасынын өкүлү Петр Фредерик Ду Призди жеңип алды.