Индонезияда 21 жаштагы авиадиспетчер Антониус Агунг учактагы жүздөгөн жүргүнчүлөрдү сактап калуу үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, 7,4 баллдагы жер титирөө болуп жаткан маалда эр жүрөк жигит Сулавеси аралындагы Палу аэропортунун мунарасында болуп, учактарга багыт берип турган. Ал "Batik Air" аба компаниясына таандык, бортунда жүздөгөн адам бар лайнер абага көтөрүлгүчө диспетчерлик мунараны таштап кеткен эмес. Андан башка кызматкерлердин баары кыйроо коркунучунан имараттан чыгып кетишкен. Уча турган учактын жолунда терең жаракалар пайда болгондуктан, диспетчер учкучтарга багыт берип турган.
Жүздөгөн жүргүнчүлөр бар учак коопсуз жайга жеткенде, мунара урап баштаган. Агунг кыйрап жаткан имараттан чыгууга аракет кылып, акыры 4-кабаттын бийиктигиндей жерден секирген. Ал оор жаракат алып, ооруканада көз жумган.
Эскерте кетсек, Индонезияда жер титирөө жана андан кийинки цунамиде каза болгондордун саны 30-сентябрда 832ге жеткени кабарланган.