29-30-сентябрь аралыгында Таласта "Талас-Чүй ынтымагы" аттуу көк бөрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.
Аталган мелдеште 4 команда Талас облусунан жана 4 команда Чүй облусунан катышты. Командалар чейрек финалдык баскычтан күч сынашып, жарым финалга Сокулук, Сокулук-2, Кара-Буура жана Жайыл командалары аттанышкан.
Жарым финалдык беттештердин жыйынтыгында Сокулук командасы буллиттер сериясында Кара-Буураны утуп финалга чыкса, Жайыл командасы 6:1 эсебинде Сокулук-2 командасын утуп финалга чыкты.
Финалдык беттеште Сокулуктун улакчылары тай казанга 5 улак таштаса, Жайылдын оюнчулары 4 улак таштаганга гана үлгүрдү.
Муну менен Сокулук командасы жеңишке ээ болуп, "Талас-Чүй ынтымагы" мелдешинин чемпиону аталды.