20 жаштагы кыргыз волейболчу Роман Шилов Таиландда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз улуттук курама командасынын жана "Салам-Алик" командасынын оюнчусу Роман Шилов Таиланддын Суперлигасынын жеңүүчүсү "Эйр Форс" командасында машыгууларды өткөрөт. Машыгуулар 3 айдан 6 айга чейин уланат.
Айта кетсек, "Эйр Форс" командасында Кыргыз улуттук курама командасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу ойноп, аны менен Таиланддын Суперлигасын жеңип алган.