29-30-сентябрь аралыгында Орусиянын Бердск шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул мелдеште Кыргыз балбандары окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында катышып, 8 медаль утуп алышты.
Мелдештин жыйынтыгында кыргыз балбандар 2 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль утуп алышты. Алтын медалдарды 55 килограмм салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков жана 77 килограмм салмак ченинде Кайрат Түгөлбаев тагынышса, күмүш медалдарды Балбай Дордоков (55 килограмм), Рустам Тейишов (60 килограмм), Тынарбек Шаршенбеков (63 килограмм) жана Руслан Царев (72 килограмм) тагынды. Ал эми коло медалдардын ээси Калидин Асыкеев (87 килограмм) жана Бексултан Махмудов (97 килограмм) болду.
Муну менен Кыргыз курама командасы жалпы медалдык эсепте 1-орунду ээледи.
Бул мелдештин жыйынтыгы менен Венгриянын Будапешт шаарында 20-22-октябрь аралыгында өтүүчү грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз курама командасы түзүлөт.