Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 30-сентябрь күнү жумуш ордуна велосипед менен барып, жарандарды өзүнүн социалдык тармактагы баракчасындагы түз эфир функциясы аркылуу сергек жашоого чакырган.
Пашинян өзүнүн түз эфиринде "эс алуу күндөрү Еревандын көчөлөрүндө унаалар дээрлик жок, велосипед тебүү ыңгайлуу" деп билдирген. Ошондой эле өкмөт башчы ал 2004-жылдан бери тамеки чекпей тургандыгын жана башкаларды да бул адатка чакырарын баса белгилеген.
Бүгүн, 1-октябрь күнү да Пашинян жолугушууга велосипед тээп барган.