Талант Мамытов: "Башкы прокурор чакырса сотко келбей жатса, сот мындан башка кандай өкүм чыгарышы керек?"

Сот ишинде айыптоо барагынын биринчи барагы алмаштырылган. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда маалымат жыйында "ата журтчу" Талант Мамытов билдирди. “Бизге айыпты угузушканда баракта башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиевдин колу коюлган болчу, ага биз да кол койгонбуз.

Ал эми экинчи жолу сотто айып тааныштырылганда баракта Аида Салянованын колу коюлуу болуп чыкты, ал кагазда биздин кол коюлган эмес. Аида Салянованы бир нече жолу чакырттык, бирок ал соттук отурумга келген жок. Бул биздин үстүбүзгө бекиткен айыптарды колдобогондугун көрсөтөт. Башкы прокурор өзү сотко келбей жатса, сот эмнеге башкача чечим чыгарышы керек" дейт Мамытов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан