4-июль күнү Каракол-Пристань унаа жолунан 31 жаштагы айдоочу Олеся Коротченка Мицубиси Делика унаасы менен 7 жашар Ы.Айбек аттуу баланы сүзүп кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов 5-июлда маалымдады. Кырсыктан жаракат алган Ы.Айбек облустук ооруканадан көз жумду. Ошол эле күнү саат 17:30 чамасында Чүй облусунун Лебединовка айылынын тургуну, 29 жаштагы Назира Уоджошалиева Лексус RX 320 унаасы менен Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылынан 4 жашар К.Керемет аттуу кызды сүзүп алган. Керемет ооруканага жетпей, жолдон каза болгон. Учурда аталган фактылар боюнча тийиштүү иликтөөлөр жүрүп жатат.