Индияда 12 жылда бир гүлдөй турган өсүмдүк гүл ачты. Бул тууралуу индиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, 12 жылда бир жолу гүл ачкан неелакуринжи - өсүмдүгү Түштүк жана Батыш Гат тоо кыркаларында өсөт.
Аталган гүл бар экенин окумуштуулар 1838-жылы айтып чыгышкан. Ошол маалдан бери неелакуринжи 1838, 1850, 1862, 1874, 1886, 1898, 1910, 1922, 1934, 1946, 1958, 1970, 1982, 1994 , 2006-жылдары гүл ачкан. Аталган аймакта жашаган жергиликтүү калк өзүнүн жашын неелакуринжинин гүл ачканы менен эсептеген деген кептер айтылып келет.
Неелакуринжи - өсүмдүгү сыя түстөгү коңгуроо формасындагы гүл ачат. Гүлдөө мезгили көп учурда күз мезгилине туш келет. Гүлдөп бүткөн соң өсүмдүк уруктарын жерге чачат. Уруктар кайра кийинки жылдары чыгат. Бирок өсүмдүк чыкканы менен, 12 жылдан кийин гана гүл ачат.