Депутат Талант Мамытов "өлкөдө коомдук-саясий абал курчуса, ага башкы прокурор Аида Салянова күнөөлүү болот" дейт

“Эгерде мамлекетте коомдук-саясий абал курчуса, ага башкы прокурор Аида Салянова, Президенттик аппараттын соттук реформалар бөлүмүнүн жетекчиси Индира Жолдубаева жана Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева күнөөлүү болот”,- дейт бүгүн, 5-июлда маалымат жыйын өткөргөн депутат Талант Мамытов. Айтымында, соттордун курамын жогоруда аталган 3 адам бекитип жатат. “Сотторго кысым көрсөтүшүүдө. Аларга буйрукту аткарган гана соттор керек. Бул адамдарды айым катары сыйлайм, бирок өз ишин билген адис деп эсептебейм”,- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан