Турсунбек Акун: "Мен жалгыз акыйкатчымын, менин отставкам тууралуу парламенттин чечими мыйзамсыз"

"Мен иштеп жаткан жалгыз акыйкатчымын, парламенттин менин отставкам тууралуу кабыл алган чечими мыйзамсыз",- деп билдирет Турсунбек Акун. Ал өз билдирүүсүн 5-июлда жактоочусу аркылуу таратты. Экс-акыйкатчы Жогорку Кеңештин чечими боюнча сотко кайрылууну көздөп жатат. Жактоочу Эркин Саданбековдун айтымында, 27-июнда парламентте Акундун отставкасын күзүндө кароо тууралуу бир катар депутаттардын сунушуна карабай, А.Батукаевге байланыштуу акыйкатчынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү жана төрага маселени ошол күнү карап бүтүрүүнү каалады. Буга байланыштуу Турсунбек Акун парламенттин чечими мыйзамга жана адамгерчилик менен гумандуулук принциптерине каршы келет деп эсептейт.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан