Кыргыз балбандар грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышат. Алардын арасында депутат Тазабек Икрамов да бар

Кыргыз балбандар Орусияда өтө турган грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы кабарлады.

Пермь шаарында 5-7-октябрда өтө турган ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнөн 4 балбан катышат. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бар.

Буга чейин Македонияда эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугу орун алып, анда Чынарбек Изабеков менен Мелис Турганбаев коло медалдарды тагынган.

Айта кетсек, 2017-жылы өткөн грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугуна Айсабек Полатбеков 62 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медалга татыган.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

  • 40 жашка чейинки категория:
    • 70 килограммга чейинки салмак ченинде: Канат Шабданбаев
  • 45 жашка чейинки категория:
    • 70 килограммга чейинки салмак ченинде: Исломидин Умурзаков
    • 78 килограммга чейинки салмак ченинде: Тазабек Икрамов
  • 55 жашка чейинки категория:
    • 100 килограммга чейинки салмак ченинде: Олег Ким
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TalaCSKA
2018-10-02 20:27:28
Жолун болсун депутат мырза!
0
muslim87
2018-10-02 20:30:25
Тазабек Икрамов эмне 45 ке чыгайын деп калганбы? Жаш эле балаго ал 30 35 жаштардагы. Канчанчы жылкы ал өзү
-3
LEGENDA.
2018-10-02 23:19:14
muslim87,1972
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан