Башкы прокуратура Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясына карата кылмыш ишин козгоду
Башкы прокуратура Свердлов райондук сотунун Э.Ж. аттуу мурдагы судьясына карата кылмыш ишин козгоду. Көзөмөл органынан кабарлашкандай, ага Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (кызматтык жасалмалуулук) жана 328-беренелери (атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу) боюнча кылмыш иши козголду.
Маалым болгондой, судья 2016-жылдын 5-июлунда А.Э. аттуу адамдын жазган арызын каттоого албай карап сырттан чечим чыгарган. Соттун чыгарган чечимине ылайык, "С" деп аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун ээси алмашып кеткен. Жыйынтыгында, аталган коомдун Ш.И. аттуу ээсинин укуктары бузулган.
Ал эми райондук соттун айрым кызматкерлери да кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жазылган арызды судьянын кароого алуусуна шарт түзүп беришкен.
2018-жылдын 3-апрелинде райондук соттун чечими Бишкек шаардык соту тарабынан жокко чыгарылып, жарандык иш кайрадан биринчи инстанциядагы сотко жиберлген.
Учурда судьяга карата козголгон кылмыш иши УКМКнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.