Президент Алмазбек Атамбаев медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 5-июлда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Куттуктоодо мындай деп жазылат:

“Урматтуу медициналык кызматкерлер! Кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Ак халатчан дарыгерлер - ар бирибиз үчүн илгери үмүттүн жана боорукерликтин белгиси. Сиздер ар дайым жакшылыкка жол ачып, оору-сыркоодон сакаюуга шарт түзүп, кээде өмүрдү ажалдан арачалап каласыздар.

Ден соолук – бул чоң бакыт. Ошол бакытты көп жылдарга сактап калууга сиздер – мээрман дарыгерлер көмөктөшөсүздөр. Оорудан айыктырат деп cиздерден кыйналган кезде жардам, мээримдүү мамиле күтүшөт. Ошондуктан ар бириңер ишиңердин жоопкерчилигин жогору сезип, берген антыңарга бекем турасыңар деп ишенем. Кесипке берилгендигиңиздер, эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем.

 

Сиздерге жана жакындарыңарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм!" 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан