3-октябрга караган түнү Европадагы эң беделдүү мелдеш - Чемпиондор Лигасынын 2-туру старт алды. Анда 2-мелдеш күнү оюн талаасында 4 тайпадагы 16 команданын беттеши орун алды.
Бул күнү орун алган беттештерде эсеп саны алгачкы мүнөттөрдө ачылып, күтүлбөгөн жыйынтыктар менен аяктады. Орусиялык "ЦСКА" Лиганын учурдагы чемпиону "Реал Мадридди" утуп алса, Германиянын чемпиону "Бавария" голландиялык "Аякс" менен 1:1 эсебинде ойноду.
"ЦСКА" (Орусия) - "Реал Мадрид" (Испания)
Москва шаарындагы Лужники стадионунда жергиликтүү "ЦСКА" испаниялык "Реал Мадрид" футболдук клубун өз талаасында кабыл алды. Орусиялык команда оюндун алгачкы мүнөттөрүнөн эсеп санын ачып, эсепти беттештин соңуна чейин кармап калганга үлгүрдү. 2-мүнөттө Тони Кросс топту коргоочуларга чыгарып берем деп катачылык кетирип, "ЦСКАнын" оюнчусу Никола Влашич топту тартып алып таамай соккусу менен эсеп санын ачты. Буга 90 мүнөт бою "Реал Мадрид" эч кандай жооп кайтара алган жок.
Айта кетсек, бул беттеште "Реал Мадриддин" алдыңкы оюнчулары Гарет Бэйл, Иско, Марсело жана Серхио Рамос катышкан жок.
"Ювентус" (Италия) - "Янг Бойз" (Швейцария)
Италиянын Турин шаарында "Ювентус" футболдук клубу өз талаасында швейцариялык "Янг Бойз" командасы менен беттешти. Беттештин 5-мүнөтүндө "Ювентустун" чабуулчусу Пауло Дибала Бонуччинин чыгарып берүүсүнөн соң эсеп санын ачса, 34-мүнөттө эсеп санын 2:0 кылды. 68-мүнөттө "Ювентустун" кезектеги чабуулчусу кайрадан Дибаланын голу менен жыйынтыкталды. Анда Куадрадо айып аянтчанын ичинен топту кабыл алып топту Дибалага өткөрүп берди, Дибала топту кароосуз калган дарбазага киргизди. Муну менен беттеш 3:0 эсебинде аяктады.
"Рома" (Италия) - "Виктория" (Чехия)
Италиянын Рим шаарында Чемпиондор Лигасынын дагы бир оюну орун алды. Анда Олимпико стадионунда "Рома" футболдук клубу Чехиянын "Виктория" клубу менен беттешти. Бул оюнда эсеп саны 3-мүнөттө ачылды. Александр Коларов айып аянтчанын ичинде Эдин Жекону көрүп, ага мыкты чыгарып берүү аткарса, Жеко таамай соккусу менен эсепти 1:0 кылды. 40-мүнөттө "Рома" эсепти 2:0 кылды. Женгиз Ундердин чыгарып берүүсүнөн кийин кайрадан эле Эдин Жеко эсеп санын өзгөрткөнгө жетишти. 64-мүнөттө Женгиз Ундер Пеллегрининин чыгарып берүүсүнөн кийин гол киргизгенге мүмкүнчүлүк алып, аны ийгиликтүү аткарды. Муну менен "Рома" чабуулдарын токтотпой 73-мүнөттө Жастин Клюйверт эсепти 4:0 кылса, 92-мүнөттө Эдин Жеко өзүнүн 3-голун киргизди.
"Бавария" (Германия) - "Аякс" (Голландия)
Германиянын Мюнхен шаарындагы "Альянц-Арена" стадионунда жергиликтүү "Бавария" голландиялык "Аякс" менен кез келди. Бул беттеште эсеп саны 4-мүнөттө ачылды. Анда Матс Хуммельс жакшы чыгарып берүүдөн соң башы менен сокку узатып гол киргизгенге жарады. Буга "Аякс" командасы 22-мүнөттө жооп кайтара алды, Нассаир Мазрауи дарбазачы менен бетме-бет кез келип, анын дарбазанын сол бурчуна узаткан соккусу таамай болду. Муну менен эсеп саны 1:1 болуп, оюндун аягына чейин сакталды.
"АЕК" (Греция) - "Бенфика" (Португалия)
"Лион" (Франция) - "Шахтер Донецк" (Украина)
"Хоффенхайм" (Германия) - "Манчестер Сити" (Англия)
"Манчестер Юнайтед" (Англия) - "Валенсия" (Испания)