Бишкек мэриясы 2 күндүн ичинде шаардыктардан 134 кайрылуу алган

Шаарды көрктөндүрүү боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков ММК өкүлдөрүн биргеликте иштешүүгө чакырды. 5-июлда маалымат жыйын өткөргөн ал шаардык кызматтардын аткарган иштерин натыйжалуу көзөмөлдөөчү каражат – бул ММК экенин белгиледи.

“Бишкектин тургундары интернет булактары боюнча муниципалдык кызматтардын ишине карата сын-пикирлерди ачык айта алышат. Акыркы эки күндүн ичинде биз өз дарегибизге 134 сын-пикирлерди жана суроолорду алдык. Анын ичинде жагымсыз пикирлер да жок эмес. Айтылган сын-пикирлердин дээрлик баарын туура, калыс деп эсептейм. Бирок ишти жакшыртуу боюнча бир да сунуш келип түшкөн жок. Азыркы учурда 134 кайрылуунун 30 пайызы чечилди”,- деди вице-мэр. Айта кетсек, Попиков вице-мэр катары 3 аптадан бери иштеп жатат. Буга чейин Октябрь районунун акими болчу.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан