Индонезиянын Жакарта шаарында өтө турган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы Азия оюндарына Кыргыз өлкөсүнөн 5 спортчу барат. Бүгүн, 3-октябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев Кыргыз курама командасын узатты.
"Бул оюндар Паралимпиада оюндарына даярдык болот. Ошондуктан силер ийгиликтүү катышасыңар деп ишенем. Белгилүү болгондой, кыргыз спортчулары Азия оюндарында жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, 20 медаль утуп алышты. Мунун үстүндө чоң эмгек жана машыктыруучулардын, жетекчилердин бириккен иши турат", - деп айтты Канатбек Арпачиев.
Ошондой эле Канатбек Арпачиев команданын капитаны Жыргалбек Оросбаевге Кыргыз Республикасынын туусун ыйгарды.
Жалпы эсепте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы Азия оюндарына 5 кыргыз спортчу катышат. Алар спорттун пауэрлифтинг жана жеңил атлетика боюнча мелдештерге катышат.
Кыргыз курама командасынын тизмеси: