WhatsApp тиркемесинде жарнамалар жайгаштырыла башташы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, жарнамалык сүрөттөр, кыска видеолор ноябрь айынан тарта WhatsApp тиркемесинин сторис бөлүмүнө жайгашуусу мүмкүн. Жарнамалар жарыялангандан 24 саатка чейин колдонуучуларга көрүнүп турат. Тиркеменин кызматкерлеринин биринин билдирүүсү боюнча, бул маселе фейсбук компаниясынын жетекчилери тарабынан талкууланып жатканы чын, бирок азырынча бир чечим кабыл алына элек. Эгер жарнама аталган тиркемеге киргизиле турган болсо биринчи болуп iOS системинин колдонуучулары жабыркайт.
Белгилей кетсек, Фейсбук компаниясы WhatsApp тиркемесин 2014-жылы 19 миллиард 300 миллион долларга сатып алган. Айрым маалыматтар боюнча, компания WhatsApp тиркемесин сатып алганга чейин эле аны жарнамалык максатта колдонууну көздөгөн.