ЖЫЛНААМА, 4-ОКТЯБРЬ: "Тамашоучу" Рүстөм Аскенов туулган күнүндө ысымын алып жүргөн 91 жаштагы Рүстөм аттуу карыядан бата алды

Бүгүн, 4-октябрда "тамашоучу" жана актёр Рүстөм Аскенов 27 жашка толду. SUPER.KG порталы аны куттуктоо үчүн байланышып, туулган күндүк маанайы менен таанышты.

"Бүгүнкү маанайым абдан сонун. 1-2 ай мурун апамды 3-4-октябрь күндөрү туулуп өскөн айылыңызга алып барып келем деп сөз берген элем. Кечээ айылга келгенбиз, куран окутуучу жерге бардык. Тайларымдан Рүстөм деген 91 жаштагы айылдын аксакалы, өз кезиндеги баатырына жолугуп, анын кеп-кеңешин уктум. Түнкү саат 12де бүгүн менин туулган күнүм десем, эң жакшы каалоо-тилегин айтып батасын берди. Ага жолукканымдын себеби менин атымды ошол Рүстөм аксакалдай болсун деп коюшкан экен. Анын өзүнө жолукканым жана апамды жаштык кезин эсине салган айылына алып келип сүйүнткөнүм мен үчүн чоң кубаныч тартуулады. Буюрса, туулган күнүм жакшы өтүп жатат", - дейт тамашоучу.

Ал эми чыгармачылыгындагы жаңылыктары тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

"Учурда "Жер тоголок" деген аталыштагы кино тартып жатабыз. Буюрса, жакында элге тартуулайбыз, тасманын бет ачары ноябрь айынын 29уна белгиленген. Мен бул кинодо сценарист, автор жана башкы продюсерлик кылдым. Бул мен башкы продюсерлик кылган үчүнчү тасма. Буга чейин "Бир мешок акча", "Понт" тасмасын тартканбыз. Көбүнчө "тамашоучу" Кубаныч Курманбеков менен иштешем. Ал эми бул тасманы Кубаныч жана Самат Эркинбеков болуп тартуудабыз. Мурунку комедияларыбыздан айырмаланып бул драмалык комедия жанрында жаралды. Фильмден улуу муун да, жаш муун да өздөрүн көрө алат", - деди ал.

Кубаныч Курманбеков экөө тең режиссёрлук кылган "Бир мешок акча" комедиясында башкы ролдордо да өздөрү образ жаратып, күлкүгө толгон тасманын көркүн ачышкан. 2016-жылы эл назарына коюлган аталган комедия тууралуу Рүстөм Аскенов төмөнкүлөрдү билдирген:

"Албетте, башка кыйын күн түшкөндө акча таап алууну кыялданбаган адамдар аз болсо керек. Биз ошол идеянын алкагында комедия жараттык. Албетте, анда акча бул турмушта баарын чечпейт деген ойду айткыбыз келген".

Рүстөм Аскенов тасма жаратууга билек түрүп киришкенден тарта 12 комедия тартууга жетишкен.

2017-жылы кыргыз комедияларынын катарын Нурлан Жаныбеков менен Рүстөм Аскенов продюсерлик кылган "Понт" тасмасы толуктады. Аталган фильмдин баш каармандары - Азамат Исмаилов, Алтынбек Казакбаев, Шумкар Бейшеналиев жана башкалар.

Нурлан Жаныбековдун айтымында, комедиялуу тасма эки ай аралыгында тартылып бүткөн. Көпчүлүк учурда кадрлар борбор калаада, ал эми айрым эпизоддору Ысык-Көлдүн жээгинде тартылган. Тасманын жалпы чыгымы 20 миң долларга жеткен.

Рүстөм Аскенов 2017-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.

2018-жылы 30-майда Казакстандын Алматы шаарында "Снять за 48 часов" аталышындагы эл аралык кинофестиваль өтүп, катышуучулар кино тууралуу тапшырма алышып, 48 сааттын ичинде кыска метраждуу, тагыраагы, 4 мүнөттүк тасма даярдашы керек. Тамашоучулар Рүстөм Аскенов, Самат Эркинбеков, Кубанычбек Курманбековдор фестивалга катышып, алар тарткан "Байпак" тасмасы "Эң мыкты комедия" наамын жеңип алган.

Рүстөм Аскенов 1991-жылы 4-октябрда Бишкек шаарында туулган. Кесиби боюнча тиш доктур. Бирок кичинесинен эле чыгармачылыкка кызыккандыктан, мындан 9 жыл мурун "Тамашоуго" келип "Ак-Өргө City" тобунда ойногон.

Көпчүлүк аны "Бир мешок акча" тасмасындагы сабырдуу жана ак көңүл ашпозчунун ролу аркылуу таанышат.

Үй-бүлөлүк абалы - бойдок.

4-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан