UFC уюмунун мушкери, 57 килограммга чейинки салмак категориясында чемпиондук кур үчүн күрөшө турган мушкер Валентина Шевченконун атаандашы алмашты. Бул тууралуу UFC'нин сайтында жарыяланды.
Маалым болгондой, Валентина Шевченко чемпиондук кур үчүн "UFC-231" мелдешинин алкагында 8-декабрда Йоанна Енжейчик менен беттешмек. Бирок UFC чемпиондук кур үчүн беттешти 1 айга алдыга жылдыруу чечимин кабыл алды. Эми Валентина Шевченко 3-ноябрда Нью-Йорк шаарында Сиджара Юбэнкс менен кездешет.
"57 килограммга чейинки салмакта чемпиондук кур үчүн беттешти UFC уюму ноябрь айына жылдырганы үчүн Йоанна Енжейчик чукул арадагы беттешке даяр эместигин билдирди. Ал эми Шевченко эртең деле мушташууга даяр экен", - дейт UFC уюмунун президенти Дана Уайт.
Шевченконун чемпиондук кур үчүн атаандашы Сиджара Юбэнкс 33 жашта. Ал эми ММА'дин эрежеси боюнча жалпы 5 беттеш өткөрүп, анда 3 жолу жеңишке жетип, 2 жолу жеңилип калган. UFC'нин мелдештерине Юбэнкс 1 жолу гана катышып, жеңишке жеткен.