Жол эрежелерин бузуп, бирок өз укуктарын жатка билген жөө жүргүнчүлөр

Бүгүн, 4-октябрда Бишкек шаарынын бардык райондорундагы мектептердин айланасында жана адамдар көп чогулган жайларда жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарын алдын алууга арналган рейд өтүүдө. Рейддин алкагында коомдук унаадан аялдамага жетпей, түшө калгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бирок алардын шылтоолору окшош экени байкалат, бири жумушуна кечиксе, экинчиси окуусуна шашып баратып ушул кадамга барганын айтууда.

Аялдамага жетпей, маршруттук такси жүрүп баратканда эле эшикти ачып түшө калып, жолду кыскартуу үчүн жолдун бул өйүзүнөн аркы өйүзүнө чуркап өткөндөрдүн саны арбын экени байкалды. Бул нерсе өзгөчө улуу муундун өкүлдөрүнө тиешелүү. Балдарын, неберелерин сабакка жеткирип бараткан ата-энелер, чоң апалары өздөрү баш болуп жолдон чуркаганын байма-бай байкоого болот. Жолдон чуркап өтө калып, кайра өз укуктарын коргогондор да жок эмес.

"Мен биринчи же акыркысы эмесмин! Эгер мен жол эрежелерин сактап, дайыма аялдамадан түшсөм, элдин баары мени кайталап калабы? Силер өзүңөр карабайсыңар! Башаламандыкка жол бересиңер!" - дейт Улан аттуу шаар тургуну.

Кызматкердин токтоп, аты-жөнүн айтууну өтүнгөнүнө кулак какпай, "Ары тур! Айтпайм!", "Кармаба колумду, акың жок!" деп кыйкырып, түртүп басып кеткен улгайган эжелер да кездешти.

Унаа жолунда авариялык абалды жаратып, өз өмүрүн тобокелге салгандар Административдик жоопкерчилик кодексинин 235 жана 247-беренелеринин 1-бөлүмүнө ылайык, 500 сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилет.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 9 ай аралыгында 509 жөө жүргүнчүгө протокол түзүлүп, натыйжада андан 254 миң 500 сом өлчөмүндөгү акча каражат топтолгон. Ал эми өткөн жылы жолдорду кесип өтүү эрежелерин бузган 256 адамга протокол түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
admin_portal
2018-10-04 19:00:29
Baku88, aiba.8327, erkeleim, Mikra, порталдын эрежелерине ылайык, темага тиешеси жок билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
mirlanpiter
2018-10-04 19:50:06
Жөө өтмөктөн өтпөй ар жерден кесе салышат өзүлөрүн терминатор сезишип ,айдоочу байкабай коюп кетсе күнөөнү алардан издешет
+3
patiydin
2018-10-04 20:26:16
Бизде жолдун отмок эмес жеринен откон жургунчулорду сузуп кеткен айдочуга жаза колдонбой койгуча улана берет. Ушундай мыйзамды иштеп чыгуу керек. Айдочуларда эмне куноо, Эгер жургунчулор оздору жол эрежесин бузуп жатса.
+2
Koichuman
2018-10-04 23:35:56
Жоо откон жарандарга администр. Штраф салыш керек ошондо жол эрежесин сактай билишет. Канчалаган аварияларда жоо жургунчулор кунолуу .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан