Бишкек-Торугарт жолунда автокырсыктан бир адам каза болуп, эки адам ооруканага жеткирилди

Кечээ саат 15:30дарда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 79-чакырымында автокырсык катталып, бир адам каза болгонун Чүй облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Ауди А-4 үлгүсүндөгү унаанын 1981-жылы туулган айдоочусу И.Ш. рулду башкара албай, унаа оодаралып кеткен. Жыйынтыгында айдоочу ооруканага жетпей каза болсо, унаанын ичиндеги эки жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Кеминдеги аймактык ооруканага жеткирилди. Учурда кырсыктын келип чыгышынын себептери аныкталып, тергөө иштери жүрүүдө.                                                                                                                                                      
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан