Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламент жыйынында Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштады. Ал кытайлык туристтер дүйнө туризминин 30 пайызын түзө турганын айтып, бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калуу керектигин белгиледи.
"Кытай биздин жаныбызда турат. Орусия, Казакстан 15 жылдан бери топ-топ болуп саякаттоочу туристтер үчүн визасыз режим менен иштеп келе жатат. Анда 40-50 турист келет. Ал эми туристтик компания алардын чыгып кетишине жооп берет. Биз эмне үчүн ушунча потенциалды колдонбойбуз? Миграция кызматы, УКМКга суроо бергенде баары эле аларга бул жакта калып кала турган жарандай, кылмышкердей карайт экен", - деди ал. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Кытайдын туристтерине визасыз режим киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Колдоо керекпи?" деген соболуна туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов жооп берди.
Ал учурда Кытайдан келген туристтердин саны аз өлчөмдө экенин белгиледи.
“Албетте, Кытай менен мамилени жакшыртыш зарыл. Кытайларга дүйнө жакшы шарттарды түзүп баштады. Азырынча Кытайдан келген туристтердин саны көп эмес. Кытайлык туристтердин баарына визасыз режим киргизүүгө каршымын. Азыр алар ишкерлик боюнча эле өлкөгө кирип жатышат. Депутат Махабат Мавлянова сунушту башкача мааниде айтты. Ал муну айрым туристтик операторлорго карата демилгеледи. Негизи эки өлкөнүн 30-40 туристтик операторлорун каттоодон өткөрүп, ошолордун саякатчыларын гана өлкөгө визасыз киргизүү ыкмасы буга чейин башка өлкөлөрдө колдонулган. Демилгени ошондой багытта карап чыкса болот.
Албетте, кытайлар Улуу Жибек Жолунун биздин аймактагы шаарларына кызыгышат. Андан сырткары алар экологиялык таза жерлерди көрүүнү жактырышат. Кытайлар негизинен чет өлкөнүн казино жана оюн-зоок жерлерине барышат. Андан кийинки орунда дүкөн кыдыруу турат. Алар тарыхый аймактарга барууга да кызыкдар. Кытай менен мамиле түзүүдө коопсуздук жагы жана саясий факторлор мааниге ээ”, - деди Жаманкулов
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Пирматов, Кожобек Рыспаев, Данияр Төлөнов, саясат таануучу жана чыгыш таануучу Сейтек Качкынбаев, жарандык активист Канат Мидин уулу жана Конфуций институтунун мурдагы жетекчиси Үмүт Култаеванын пикири бул шилтемеде.