Криштиану Роналдуга зордуктоо боюнча айып тагылып, тергөө иштери уланып жатат. Ал Португалия курамында Польша менен Италияга каршы беттештерге катышпайт

Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Улуттук Лига мелдешинин алкагында Польша, Италияга каршы беттешке жана Шотландияга каршы жолдоштук беттешке катышпайт. Бул тууралуу АКШлык басылма жазып чыкты.

Басылманын маалыматы боюнча, мындай чечим Криштиану Роналдуга тагылган зордуктоо айыбы боюнча тергөө иши уланганынан улам чыккан. Ал эми португалиялык басылмалардын жазганы боюнча Криштиану Роналду ноябрда өтүүчү Улуттук Лига мелдешинин алкагында Польша жана Италияга каршы беттештерге катышпайт.

Айта кетсек, 28-сентябрда германиялык басылмалардын биринде 34 жаштагы Кэтрин Майорги аттуу аялдын интервьюсу жарыяланган. Майоргинин айтымында, Криштиану Роналду аны 2009-жылы Лас-Вегас шаарындагы мейманканалардын биринде зордуктаган. Мындан улам, октябрь айында Лас-Вегас шаарынын полициясы Роналдунун үстүнөн иликтөө иштерин баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Baku88
2018-10-04 20:28:50
Кантип далилдеп берет экен эми 9 жыл мурунку зордукталганын
+2
Tyty1990
2018-10-04 22:19:36
Baku88, входяший исходяшийлерди архивден эсептейт да
0
aszyma
2018-10-04 20:29:39
Далил бар бекен?
+2
fanatka19
2018-10-04 21:05:38
9 жылдан бери эшек такалап журдубу
+4
TalaCSKA
2018-10-04 21:39:02
Негизи эле кыздарга тушунбойм гостиницадан зордуктап салды дегенине гостиницага эмне эшек такалаганы бармак беленер!
+7
Shabi
2018-10-04 21:49:46
Бир чети кулкун келет,бир чети танкаласын.бироону кучко салып зордуктагандай ушул Рональдодо башка кыз жок экенби.жон эле жалган жалаа болсо керек
+5
Fortuna1987
2018-10-05 09:19:52
25 жашка яейин кыз, 34 жаштагы аял болбойт, айым болот журналисттер. Аял-40 жаштан ойдо, кемпир-70 жаштан ойдо.
0
AKCAHAT
2018-10-05 15:05:23
Подставго) же атайылап атын булгоо. Рональдого кыз жокпу эмне))) зордобосо деле тытып кететко кыздар муну
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан