4-октябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында "UFC 229" мелдешинин катышуучуларынын ачык машыгуулары өттү. Машыгууга көрүүчүлөр жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү келишти.
Бул күнү машыгууларын Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор дагы өткөрүштү. Бул мушкерлердин кез келүүсү "UFC 229" мелдешинин алкагындагы негизги беттеш болот.
"UFC 229" мелдеши 6-октябрда Лас-Вегаста орун алат. Нурмагомедов менен Макгрегордун беттеши Бишкек убактысы боюнча 7-октябрда саат 9:00 чамаларында башталмакчы.
Хабиб Нурмагомедовдун ачык машыгуусу
Конор Макгрегордун ачык машыгуусу