Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун беттешинде күтүүсүз жагдайлар чыгышы эске алынып, запаска дагы бир мушкер дайындалды

Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун беттешинде үчүнчү мушкер катары запаста америкалык мушкер Тони Фергюсон турат. Бул маалыматты 4-октябрда UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт эки мушкердин беттеши алдындагы маалымат жыйында билдирди.

"Эмне болорун көрөбүз. Алгач мушкерлер салмактарын ченөө үчүн таразага түшүүлөрү керек. Эгер жагдай башкача болуп калса же бир нерсе болсо, Тони Фергюсон запаста турат", - деди Дэйна Уайт.

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор кечээ уюштурулган маалымат жыйынга кечигип келди. Буга ачууланган Хабиб Нурмагомедов 15 мүнөт күткөндөн кийин жыйын өтчү залдан кетип калды.

"Мен Конорду ойлоп отурбайм. Менин убактым чектелген жана ар бир сааты пландалган. Маалымат жыйын эчак башталган. Эгер кимдир бирөө кечигип жатса, бул анын жеке маселеси", - деди Нурмагомедов.

"UFC 229" мелдеши 6-октябрда Лас-Вегаста орун алат. Нурмагомедов менен Макгрегордун беттеши Бишкек убактысы боюнча 7-октябрда саат 9:00 чамаларында башталмакчы. Бул беттеште Хабиб Нурмагомедовду жеңил салмак категориясындагы чемпион титулун коргоо күтүп жатат. Анын эсебинде 26 жеңиш бар, бир да жолу жеңилген эмес. Ал эми Макгрегор карьерасында 21 ирет жеңип, 3 ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Кошумчалап кетчү жагдай, Хабиб Нурмагомедовдун 1 күндөн кийинки күтүлүп жаткан беттеште запаска коюлган мушкер Тони Фергюсон менен 4 ирет октагонго чыгуусу пландалып, бирок ишке ашкан эмес. Эки мушкердин улам бири жаракат алып жатып буга чейинки 3 беттеш токтотулган. Бир жолкусунда Нурмагомедов булчуңдарын чыңдоо максатында "салмак кууп" жатып ооруканага түшүп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
kechirmeni
2018-10-05 10:02:01
Хабиб алга!!!
+3
amirrus
2018-10-05 10:10:51
урушсун башка жагдай болбой эле, кутуп атам булар бири бирин жейт деп ээээх
+5
salimbek87.kg
2018-10-05 10:14:22
Алга Хабиб ийгилик жана жеңиш
+8
Edward.14
2018-10-05 10:19:43
Хабибке ийгилик!
+7
Syimyk.isaev
2018-10-05 10:21:15
Канор Алга! Жанчып салчы Хабибти!
-13
Taku.14.02
2018-10-05 15:41:58
Syimyk.isaev, тура дагтар ооздорун жапсын
-1
FCB14
2018-10-05 11:26:34
Конор хабаны тениздеп койчу отдуши
-10
Karaan
2018-10-05 11:35:29
Фергьюсон алга! Конорду да, хабибти да тытат
-10
nuri1
2018-10-05 12:34:53
Конор алга. Хабибти нокаутка кетирчи
-9
kyialreal
2018-10-05 12:35:24
Пакиаво реванш алатчы Флойттон алга. Ой бул башка тема бел адашып кетиптирмин кечиресиздер кечиресиздер.
0
Krai
2018-10-05 14:01:48
Булардын беттешуусу жон эле эки мамлекеттин согушусундай эле болуп атат го
+3
kechirmeni
2018-10-05 14:45:46
Хабиб, тиги корондогон Конорду кой дечи
+7
Aibek0002
2018-10-05 16:33:01
Хабиб
+3
tuigan.
2018-10-05 17:24:30
Хабибке ийгилик ИншаАлла.
+4
sarbo
2018-10-05 18:28:57
Биздин катындар деле таанып бутушту го бул экоону, улам рекламасын коро берип:))
+5
Aidar.001
2018-10-06 02:04:48
Мен бул фудболго кызыкпайм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан