Түштүк Кореянын экс-президенти Ли Мён Бак 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, экс-президент 11,5 миллион доллар төлөөгө да милдеттендирилген.
"Ли Мён Бак коррупция жана бийликти кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыптуу деп табылды. Аны камакка алуу боюнча ордер ушул жылдын март айында эле берилген. Апрель айынын башында прокуратура аны бир нече беренелер боюнча айыптап, 20 жылга эркинен ажыратууну сураган. Бирок сот аны 15 жылга кести", - деп жазышат басылмалар.
Экс-президент буга чейин ага коюлуп жаткан бардык айыптарды четке каккан. Ал аталган кылмыш ишинде саясий мотив бар деген пикирин билдирген.
Ли Мён Бак Түштүк Кореянын президенти болуп 2008-2013-жылдары иштеген. 2002-2006-жылдары Сеул шаарынын мэри болгон.
Ал Түштүк Кореяда коррупцияга айыпталып, камакка алынган төртүнчү экс-президент болду. 2018-жылдын апрелинде өлкөнү 2013-2017-жылдары башкарган Пак Кын Хени сот коррупция беренеси боюнча айыптуу деп таап, 32 жылга эркинен ажыраткан. Буга чейин экс-президенттер Ро Дэ У (1993-жылы) менен Чон Ду Хван (1996-жылы) да коррупцияга айыпталып, камакка алынган.