Тынчтык үчүн "Нобель" сыйлыгы куралдуу жаңжалдар орун алган жерлерде сексуалдык зомбулук менен күрөшкөндөргө ыйгарылды. Бул тууралуу "Нобель" комитетинин расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдагы тынчтык үчүн "Нобель" сыйлыгы Конго Демократиялык Республикасынан чыккан дарыгер Денис Муквеге жана езиддик укук коргоочу Надя Мурад Бас Тахка берилди.
Комитет тараткан маалыматка ылайык, сыйлык аты аталган адамдарга "куралдуу конфликттер орун алган аймактарда согуш куралы катары сексуалдык зомбулукту колдонууга бөгөт коюу иштерине кошкон салымдары үчүн" ыйгарылган.
"Ислам мамлекетинде" сексуалдык кулчулукта болгон Надя Мурад согуш учурунда сексуалдык кордукка кабылган адамдарга жардам берүү жана аларга колдоо көрсөтүү үчүн бир топ коомдук иштерди жасаган. Ал эми Денис Мукве сексуалдык зомбулукка кабылган аялдарга медициналык жардам көрсөтөт.
Сыйлыкка ат салышкандардын тизмесинде 329 талапкер болгон, алардын ичинде 112 коомдук жана эл аралык уюмдар да бар.
"Нобель" сыйлыгын алган инсандарга 1 миллион доллар акчалай сыйлык тапшырылат. Башка "Нобель" сыйлыктарынан айрымаланып тынчтык үчүн сыйлык Осло шаарында 10-декабрь күнү швед окумуштуусу Альфред Нобельдин каза болгон күнүндө тапшырылат.