Жаш кыргыз режиссёру Бекзат Пирматовдун "Аврора" тасмасы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтүүчү эң ири эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу кино таануучу Гүльбара Төлөмүшова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.Пусан кинофестивалында 270ке жакын тасма көрсөтүлөт. Аталган тасмалардын бирден үч бөлүгүнүн бет ачары дал ушул фестивалда орун алат. Жыл сайын өтүүчү бул иш-чарага 7 миңге жакын кино жаратуучулар, белгилүү актёр жана актрисалар, ошондой эле 2 миңге жакын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.