Ошто ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге батир бөлүштүрүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган чиновниктер кармалды

Ош шаардык турак жай-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалышты. Бул тууралуу маалыматты 5-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, кармалгандар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга батирлерди бөлүштүрүүдө турак жай-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү болушкан. Кармалгандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу", жана "кызматтык жасалмачылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кармалгандар тергөө абагына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Respect.
2018-10-05 19:52:23
Кана ким деген чиновниктер, аты жөн бар бекен алардын. Кармаганы чын болсо ММК ларга чыгарып койбойсуңарбы, аны көргөн элдер ыраазы болушсун, көргөн чиновниктер кичине болсо да ойлонуп иш кылышсын!
+4
milan-707
2018-10-05 22:54:41
Respect.,жок азыр акчасы кутуп турушат акча берсе чыгып кетет.акчасы тапай калгандар анан ММК чыгат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан