Бүгүн, 5-октябрда Орусиянын Пермь шаарында грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алды. Анда 45 жашка чейинки категорияда Кыргыз өлкөсүнөн 2 балбан килем үстүнө чыгышты.
78 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнүн депутаты Тазабек Икрамов катышты. Ал жарым чейрек финалдык баскычтан күч сынашып баштап, анда түркиялык Ондер Озгулду утуп алды. Жарым чейрек финалда Икрамов швециялык Себастьян Хедберг менен кездешип, тилекке каршы, жеңилип калды. Швециялык балбан финалга чыгып, Тазабек Икрамов көңүл жубатуучу раундда күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алды. Тазабек Икрамов индиялык Вишал Ашуну утуп алып, эми коло медаль үчүн орусиялык Павел Куриленко менен күрөшөт.
70 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Исломидин Умурзаков катышты. Ал алгачкы беттешинде орусиялык балбанды утуп, чейрек финалда орусиялык Александр Борисовдон жеңилип калды. Борисов финалга чыгып, Умурзаков көңүл жубатуучу раундда орусиялык Александр Кучеровду утуп алды. Муну менен Исломидин Умурзаков коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алып, эми ал орусиялык Андрей Толстов менен кездешет.