Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айылдык аймагынын Ничке жайлоосунда бүгүн, 5-июлда болжол менен саат 14:00 чамасында 1992-жылы туулган Канат Шайырбек уулу көлгө чөгүп кеткенин ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Аны издөөгө жергиликтүү тургундардан 10 адам катышкан, бирок издөө иштери эч кандай жыйынтык берген эмес. Ошондон кийин гана алар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан. Учурда окуя болгон жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 8 куткаруучу жөнөп кетишти.