Дүйнө жүзүндө 6 жылда кооптуу жерлерде селфи жасоонун айынан 259 адам көз жумган. Бул тууралуу дүйнөлүк изилдөөнүн жыйынтыгына шилтеме берүү менен чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Кооптуу аймак катары тоо чокулары, бийик имараттар, көлмөлөрдүн бою эсептелет.
"Негизинен селфи жасоо учурунда адамдар сууга чөгүп, аварияга кабылып же бийиктиктен кулап каза болушат. Кооптуу жерлерде селфи жасап жатып көз жумгандар көбүнчө Индия, Орусия, АКШ, Пакистанда болот. Алардын 72 пайызы эркектер. Мындай окуялар 2011-жылы 3 жолу кайталанса, 2016-жылы 96 жолу, 2017-жылы 93 ирет орун алган", - деп айтылат маалыматта.
Изилдөөчүлөр мындай окуялардын санын азайтуу үчүн кооптуу аймактарда селфи жасоого тыюу салууну сунушташууда.