Бишкектин “Дордой” клубу Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча кубогун 10-ирет жеңип алды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, "Дордой" Бишкектин борбордук стадионунда өткөн финалда оштук "Алайды" 3:2 эсебинде уткан.
Оюнда "Дордойго" Бекжан Сагынбаев (9-71-мүнөттөрдө) жана Муролим Ахмедов (93-мүнөттө) гол тартууласа, "Алайдан" Акрамжон Умаров (32-мүнөттө) менен Ильяз Алимов (97-мүнөттө) каршылашынын дарбазасына топту киргизе алган. Ушул менен "Дордой" 3-ирет катарынан өлкө кубогун жеңип алды.