Интерполдун дайынсыз болуп жаткан президентинин жубайы полициянын көзөмөлүнө алынды

Интерполдун дайынсыз болуп жаткан президенти Мэн Хунвэйдин жубайынын коопсуздугун француз полициясы көзөмөлгө алды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Мэн Хунвэйдин жубайы ага карата ар кандай коркутуулар болуп жатканын билдирген.

Буга чейин Интерполдун президенти Мэн Хунвэй 29-сентябрда Франциядан Кытайга кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын жубайы кабарлаган. Мындан улам аны издөө иштери башталган. Кийинчерээк президент Кытайда камакка алынган болушу мүмкүн деген маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

Интерпол - күч түзүмдөрүнүн аракеттерин бириктирип, эл аралык издөө жүргүзгөн орган. Анын курамына 190 мамлекет кирет. Башкы кеңсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан.

64 жаштагы Мэн Хунвэй Интерполдун президенти болуп 2016-жылы шайланган. Ал Кытайдын коомдук коопсуздук министринин орун басары катары да иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kenjesovet1
2018-10-07 14:14:54
Теманы туура эмес жазыпсынар. Интерпол жоголбой эле ,анын президенти дайынсыз болуп аткан турбайбы. Интерполдун дайынсыз болуп жаткан президентинин жубайы полициянын козомолуно алынды болот.
+1
bars_wire
2018-10-07 16:20:10
Целый интерполдун президенти жоголуп жатса.кокууй.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан