"Кубанычтамын. Беттештин соңунда Владимир Путин чалып, мени куттуктады" деди Хабиб Нурмагомедов мушташтан кийинки маалымат жыйында.
Ал келип чыккан башаламандык үчүн баарынан кечирим сурады. “Ал (Диллон Дэнис - ред.) менин диним жана атам жөнүндө сүйлөп, октагонго атырылды. Мен да адаммын. Курум өзүмдө. Дале чемпионмун. Баарыңыздардан кечирим сурайм”, - деди Нурмагомедов.
UFC'нин президенти Дэйна Уайт башаламандык боюнча атайын комиссия иш алып барып жатканын айтты. "Эгер Хабиб Нурмагомедов узак мөөнөткө беттештерден четтетилсе, анда биз аны наамынан ажыратабыз", - деди ал.
Беттеште Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегордун үстүнөн жеңишке жетип, чемпиондук курун сактап калды. Бирок мушташ аяктаган соң орусиялык мушкер Макгрегордун санаалашы Диллон Дэниске атырылып, октагондон ашып өтүп, уруша кетишти.