UFC'нин мушкери Конор Макгрегор орусиялык Хабиб Нурмагомедовго каршы реванштык беттешке даяр. Бул тууралуу Макгрегор социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Жакшы беттеш болду. Реванштык мушташты күтөм. Мен кайтып келем", - деп жазды Макгрегор.
Бүгүн, 7-октябрдагы беттеште Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегордун үстүнөн жеңишке жетип, чемпиондук курун сактап калды. Бирок мушташ аяктаган соң орусиялык мушкер Макгрегордун санаалашы Диллон Дэниске атырылып, октагондон ашып өтүп, уруша кетишти.
UFC'нин президенти Дэйна Уайт беттештен кийинки маалымат жыйынында Хабиб Нурмагомедов атайын комиссиянын чечимине ылайык, чемпиондук наамынан ажыратылышы мүмкүн экендигин айтты.