Бишкектин "Sun City" командасы Оштун "EREM" командасын утуп, футзал боюнча Суперкубокту жеңип алды (сүрөт)

Бишкектин “Sun City” командасы Оштун “EREM” командасын утуп, футзал боюнча Суперкубокту жеңип алды. Беттеш кечээ, 7-октябрда Бишкек шаарында орун алды.

Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өткөн беттеш 2:1 эсеби менен аяктады. Беттештин 1-таймында “Sun City” командасы Дастан Маратов жана Шохрух Махмадаминовдун голдору аркылуу 2:0 эсеби менен алдыга чыкты. Буга “EREM” Максат Алимовдун голу менен жооп кайтарып, бирок эсеп санын тең кыла алган жок. Муну менен “Sun City” командасы футзал боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Суперкубогун утуп, 70 миң сом байгеге ээ болду.

Эске салсак, 2017-жылы Суперкубокту “EREM” командасы утуп алган, ал финалда 5:2 эсеби менен ысык-көлдүк "Мурас" командасын жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан