Кыргыз суучулу Денис Петрашов жаштар арасындагы Олимпиада оюндарында финалга чыкты

Кечээ, 7-октябрда Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында жаштар арасындагы Олимпиада оюндары старт алды. Анда мелдештин алгачкы күнүндө спорттун 23 түрүнөн мелдештер өттү.

Сууда сүзүү боюнча мелдеште кыргыз спортчусу Денис Петрашов брасс стилинде 100 метр аралыктагы жарышка катышты. Жарым финалда Петрашов 1 мүнөт 1,95 секунд жыйынтыгы менен 2-орунду ээледи. Бул жыйынтык менен ал финалга чыгып, байгелүү орунду утуп алууга аракет жасайт.

Айта кетсек, жаштар арасындагы Олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсүнөн 13 спортчу спорттун грек-рим күрөшү, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика, заманбап айкалышкан беш спорт, стритбол жана фехтование түрлөрү боюнча катышып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан