Кечээ, 7-октябрда Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында жаштар арасындагы Олимпиада оюндары старт алды. Анда мелдештин алгачкы күнүндө спорттун 23 түрүнөн мелдештер өттү.
Дзюдо боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн Султан Жеңишбеков катышып, 66 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Жеңишбеков алгачкы беттешинде тажикстандык Жамшед Сулаймони менен кез келди. Тажик дзюдочу 1 мүнөт 23 секундада Султан Жеңишбековго ыкма колдонуп, таза жеңиш менен утуп алды.
Муну менен Султан Жеңишбеков медалдар үчүн күрөштү токтотту.
Айта кетсек, өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсүнөн 13 спортчу спорттун грек-рим күрөшү, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика, заманбап айкалышкан беш спорт, стритбол жана фехтование түрлөрүнө катышып жатышат.