Кытайда кармалган Интерполдун башчысы жумуштан кетти

Мыйзам бузгандыгы үчүн Кытайда кармалган Интерполдун башчысы Мэн Хунвэй жумуштан кетти. Бул тууралуу Интерполдун Твиттердеги расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта Интерполдун башчысынын милдетин аткаруучу болуп түштүк кореялык Ким Ёнг Янг дайындалган.

"Кечээ, 7-октябрда Интерполдун Лиондогу башкы катчылыгы, Мэн Хунвей жумуштан кетүү тууралуу арыз алды. Ал арыз кабыл алынып, күчүнө кирди", - деп жазылат маалыматта.

Интерполдун жаңы президенти Дубайда Башкы Ассамблеяда тандалат.

Эскерте кетсек, буга чейин Мэн Хунвей дайынсыз болгону, кийин ал Кытайда камакка алынганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан