Бүгүн, 8-октябрда Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарынын 2-мелдеш күнү орун алат. Анда спорттун 24 түрүнөн мелдештер өтөт.
Кыргыз спортчулар сууда сүзүү жана фехтование боюнча мелдештерге катышып, сууда сүзүү боюнча Владислав Шулико баттерфляй стилинде 100 метр аралыкка алгачкы жарышка катышат. Ал эми фехтование боюнча мелдеште Хасан Баудунов канадалык Серафим Жаров менен кез келет.
Ошондой эле Денис Петрашов брасс стилинде 100 метр аралыкка финалдык жарышка катышат. Денис Петрашов 9-октябрда Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 04:00дө күч сынашат.
Кыргыз спортчулар катыша турган мелдештердин жүгүртмөсү:
19:00. Фехтование: Хасан Баудунов - Серафим Жаров (Канада).
19:30. Сууда сүзүү, тандап алуу раунду (баттерфляй стили, 100 метр): Владислав Шулико.