Кыргыз спортчулары Орусияда өткөн панкратион боюнча Дүйнө чемпиондугунда 18 медаль утуп алышты. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн ММА жана Панкратион федерациясынын жетекчиси Улан Кошматов билдирди.
Аталган мелдеш 5-7-октябрь аралыгында Москва шаарында орун алды. Мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 17 эркек жана 1 кыз катышты. Алардын арасында өспүрүмдөр дагы болду. Мелдештин жыйынтыгында кыргыз спортчулары 6 алтын, 3 күмүш жана 9 коло медаль утуп алышты.
Медаль тагынган кыргыз спортчулар:
Алтын медаль:
- 21 жаштан жогоркулар арасындагы мелдеште:
- 105 килограммдан жогорку салмак ченинде: Данияр Зарылбек уулу;
- 69 килограммга чейинки салмак ченинде: Арген Азамат уулу;
- 56 килограммга чейинки салмак ченинде: Эгемберди Кадыров;
- 63 килограммга чейинки салмак ченинде: Бегаим Акбалаева;
- 18-20 жаштагылар арасындагы мелдеште:
- 62 килограммга чейинки салмак ченинде: Байболот Эргешбаев;
- 56 килограммга чейинки салмак ченинде: Кылымбек Алтымыш уулу;
Күмүш медаль:
- 21 жаштан жогоркулар арасындагы мелдеште:
- 77 килограммга чейинки салмак ченинде: Эрбол Өмүрзаков;
- 56 килограммга чейинки салмак ченинде: Нурсултан Бекмурат уулу;
- 62 килограммга чейинки салмак ченинде: Нурсултан Абдыл уулу;
Коло медаль:
- 21 жаштан жогоркулар арасындагы мелдеште:
- 62 килограммга чейинки салмак ченинде: Нуртилек Усманов;
- 77 килограммга чейинки салмак ченинде: Талгатбек Кенташов;
- 62 килограммга чейинки салмак ченинде: Арген Муратбек уулу;
- 62 килограммга чейинки салмак ченинде: Улукбек Ананбаев;
- 18-20 жаштагылар арасындагы мелдеште:
- 62 килограммга чейинки салмак ченинде: Талгарбек Рыскулов;
- 69 килограммга чейинки салмак ченинде: Арсен Азамат уулу;
- 62 килограммга чейинки салмак ченинде: Эртабылды Киманов;
- 15-17 жаштагылар арасындагы мелдеште:
- 81 килограммга чейинки салмак ченинде: Кымбатбек Тургунбаев;
- 66 килограммга чейинки салмак ченинде: Таласбек Бахтияржан уулу.